Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:09

Литванын президенти Кремлдин стратегиялык саясатын сындады


Литва президенти Даля Грибаускайте (Dalia Grybauskaite) украин оппозициясынын өкүлү Дмитро Булатов (Dmytro Bulatov) менен жолугушууда. Вильнюс, Литва. 10.2.2014. (AFP PHOTO / PRESS SERVICE OF THE PRESIDENT OF LITHUANIA / ROBERTAS DACKUS).
Литва президенти Даля Грибаускайте (Dalia Grybauskaite) украин оппозициясынын өкүлү Дмитро Булатов (Dmytro Bulatov) менен жолугушууда. Вильнюс, Литва. 10.2.2014. (AFP PHOTO / PRESS SERVICE OF THE PRESIDENT OF LITHUANIA / ROBERTAS DACKUS).
Брюсселдеги Евробиримдиктин лидерлеринин саммитинин алдында Литванын президенти Даля Грибаускайте Орусиянын Украинадагы соңку кадамдарына байланыштуу мындай деди:

- Менимче, эң алды биз өзүбүзгө бирдиктүү болуп, бир доош менен сүйлөйлү деп белги беришибиз керек. Анткени, биз жалпы бир пикирди уккан жокпуз. Өтө күтүүсүз мамилелерди көрүүдөбүз. Биз бүгүн көргөн коркунучтуу нерсе - бул Европанын согуштан кийинки картасын кайра бычуу аракети. Бул сигналды Орусия бизге жөнөтүүдө. Биз аны туура түшүнүп, тез жооп беришибиз зарыл. Себеби, Украинадан кийин Молдова, Молдовадан кийин башка өлкөлөргө кезек жетет.

5-мартта Европа Биримдигине мүчө 28 өлкө кызматтан четтетилген украин президенти Виктор Януковичти баш кылып, украиналык мурдакы 18 ырасмий адамдын банктардагы эсебин жана мүлкүн убактылуу камакка алган. Бул тизмеде экс-премьер-министр Николай Азаров, Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы, мурдагы башкы прокурор, мурдагы ички иштер министри, мурдагы юстиция министри жана Януковичтин уулу Александр бар. Алар "мамлекеттик мүлктү уурдаган жана тыш өлкөгө мыйзамсыз чыгарып кеткен" деп шектелүүдө.

АКШ Мамкатчысы Жон Керри менен Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 5-мартта Парижде болгон кездешүүсү майнапсыз бүттү. Керринин айтымында, сүйлөшүү катаал өткөн жана алар 6-мартта кайра жолукмакчы.

XS
SM
MD
LG