Линктер

жума, 26-май, 2017 Бишкек убактысы 17:01

Надира Нарматова вице-спикер болуп шайланды


“Ата Журт” партиясынан шайланган депутат Надира Нарматова "Азаттык" үналгысынын Бишкек бюросунда. 23.11.2011.
Бүгүн Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин вице-спикери кызматына “Ата Журт” партиясынан Надира Нарматова шайланды. Фракция тарабынан көрсөтүлгөн Нарматованын талапкерлигин жашыруун добуш берүү аркылуу депутаттардын 56сы колдоду, 33 киши каршы добуш берди. Буга чейин ал кызматта мурдагы депутат Талант Мамытов иштеген.

Мамытов өткөн жылы соттолгонуна байланыштуу мандатынан ажыратылган.

Учурда парламентте 4 вице-спикер бар. Алар - “Ар-намыс” фракциясынан Бөдөш Мамырова, “Республикадан” Чолпон Султанбекова, “Ата Мекенден” Асия Сасыкбаева жана КСДП фракциясынан Төрөбай Зулпукаров. (SE)

XS
SM
MD
LG