Жалал-Абадда кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды. Облустук бийликтин короосунда өткөн көргөзмөгө Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Чаткал райондору менен Таш-Көмүр шаарынын уз-чебер, усталарынын колунан жаралган улуттук кийим-кече, музыкалык аспаптардын, идиш-аяктардын, эл керектөөчү башка буюмдардын ондогон түрлөрү коюлду. Чеберлер республикалык жана эл аралык көргөзмөлөргө катышууга каражаты чак келбей турганын айтышты. Көргөзмөнү уюштурган облустук бийлик туризмдин кайсы багыттарына көңүлдү өзгөчө буруу маселесин талкуулоодо.(YA)