Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:59

Алматы базарларындагы өрттөр боюнча сот башталды


Алматынын базарларындагы калайман өрттөр боюнча алгачкы соттук угуулар 6-мартта башталды. Алматынын Жети-Суу райондук сотунун өкүлү “Азаттык” радиосуна “Олжо” базарынын директору менен жергиликтүү ишкерлер 6-мартта сотто көрсөтмө беришкенин билдирди. Аты аталбаган Албабергенов жана Кайранов деген айыпталуучулардын шалаакылыгы адамдардын мүлкүнүн күйүп кетүүсүнө себеп болгонун айтты ал. Былтыр сентябрдан бери Алматынын базарларында кеминде 10 жолу өрт болуп, чоң өлчөмдө зыян келтирген. Декабрда базардагы өрттөн эки адам курман болгон. Буга байланыштуу базарда соода кылган адамдар чыгымдарын төлөп берүүнү талап кылышып, нааразылык акцияларын өткөргөн. Алматы бийликтери өрттөн жабыркаган базарлар 1990-жылдары мыйзамсыз курулган жана жаңы кан жол курулчу территорияга чыгып кеткен дешип, аларды оңдогон эмес.

XS
SM
MD
LG