Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Жогорку Кеңеш коррупцияны мөөнөтүнө карабай жазалоону чечти


Парламент бейшемби күнү "Кылмыш-жаза кодексине бир катар өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Ага ылайык мамлекеттик чыккынчылык, коррупция жана кызмат абалынан пайдалануу боюнча кылмыштарды жазалоо мөөнөтүнө чек коюлбайт. Буга чейин он жыл өтүп кеткен болсо, бул беренелер боюнча айыпталгандар жазадан кутулуп кетип жүргөн. Кодекске өзгөртүүнү жана кошумчаларды киргизүүнү “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев сунуштаган. Эми мыйзам кол коюуга президентке жөнөтүлүүгө тийиш. (AiT)

XS
SM
MD
LG