Бул тууралуу Кыргызстан Чек ара кызматынын маалымат борбору 6-мартта кабарлады. Маалыматка караганда, 5-мартта Кытайдын машинелери Тажикстанга өттү. Аны өткөрүүнү Кытай бийлиги өтүнгөндүктөн уруксат берилди. Ошондой эле "Карамык" бекети аркылуу келишимге ылайык, НАТОнун жүктөрүн ташыган машинелер да өтүүдө. Ал эми Тажикстанга тиешелүү унаалардын өтүүсүнө уруксат бериле элек. Ал маселе сүйлөшүүлөр деңгээлинде турат. (AiT)