Европа кеңешинин төрагасы Херман Ван Ромпейдин бейшемби күндөгү билдирүүсүнө караганда, Европа биримдиги Орусия менен виза шартын жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотту. Биримдиктин лидерлери ошондой эле эгерде Москва Украина менен сүйлөшүүлөрдү баштабаса, Орусиянын жетекчилигине санкция киргизүү мүмкүнчүлүгүн макулдашты. Санкция киргизилсе банк эсептери, виза берүү токтотулат. "Украинадагы кырдаал андан ары бузулса, Орусия экономикалык чектөөлөргө кабылат", деп белгиледи Ван Ромпей. (AiT)