Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Обама Путин менен Крым кризиси боюнча сүйлөштү


Ак үйдүн билдирүүсүнө караганда, президент Барак Обама орус президенти Владимир Путин менен Украинадагы кризис боюнча 6-мартта телефон аркылуу сүйлөштү. Анда Барак Обама Орусиянын Крымдагы акциялары Украинанын эгемендүүлүгүн бузаарын, анын артында турган орус расмий адамдарына санкция киргизилерин эскерткен. АКШ президенти кризисти жөнгөрүү үчүн Орусия менен Украина түз сүйлөшүш керек, ал эми эл аралык байкоочулар бардык украин жарандарынын, анын ичинде орус тилдүүлөрдүн укуктары сакталышын көзөмөлдөш керек деп билдирген. Өз кезегинде Владимир Путин Крым калкынын жардам сураган өтүнүчүн жоопсуз калтыра албай турганын билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG