Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Италияда кыргыз сүрөтчүсүнүн эмгектери көрсөтүлдү


Жаш сүрөтчү, маркум Жылдыз Заркунованын эмгектери Италияда өткөн көргөзмөгө коюлду. Бул тууралуу көргөзмөнүн уюштуруучуларынын бири Нургүл Султанова "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, жаш сүрөтчүнүн эмгектери Италиянын искусство адистери менен сүрөтчүлөрүн таң калтырды. Алар Жылдыздын чыгармачылыгын Василий Кандинскийдикине окшоштурду.

- Бул Жылдыздын эңсеген кыялы эле, аны ишке ашырдым, - дейт апасы Жыргал Молдакматова.

Кыргызстандык жаш сүрөтчү Жылдыз Заркунова бир нече жыл мурда дал ушул көргөзмөсүн өткөрүү үчүн Италияга баратканда жолдон, Орусиядан киши колдуу болгону айтылган. Анда ал 22 жашта болчу.

Жылдыз Заркунова компьютерлик графикада иштеген алгачкы кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эң бир көрүнүктүүсү да, эң жашы да болуп калды. Он төрт жашынан кызыгып тарта баштаган Жылдыз 22ге чыкканча жүздөн ашык мыкты эмгектерин жараткан. (ATe)

XS
SM
MD
LG