Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Президент бир катар өлкөлөргө элчи дайындады


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Асеин Исаев Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси, Брюссель шаарындагы Европа шериктештигинин комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Самаргүл Адамкулова Индияга, Асанбек Осмоналиев Иранга, Абдилатиф Жумабаев Сауд Арабиясына элчи болуп дайындалды.

Эрмек Ибраимов Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматынан бошотулуп, Австриядагы элчи, ЕККУдагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп, Жусупбек Шарипов Кувейтке элчи болуп, Максат Тентимишов Кытайдын Гуаньчжоу шаарындагы башкы консулу болуп кызматка киришти.

Тийиштүү буйрукка Атамбаев 6-мартта кол койгон.

XS
SM
MD
LG