Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Паралимпиаданын оту Сочиге келди


Кышкы паралимпиаданын оту Улуу Британиянын Сток-Мандевилл шаарында 1-мартта жандырылып, бул өлкөнүн башка шаарларын аралап, Орусиянын айрым аймактарын кыдырды. Отту дүйнөнүн түрдүү мамлекеттеринин 5 миңдей жараны эстафета менен бири-бирине тапшырды. Акцияга Кыргызстандын атынан “Кыргызстан - Урал” кыргыз диаспорасынын жетекчиси Камчыбек Каримов катышты. Ал паралимпиада отун 210 метр аралыкка көтөрүп барды.

Факел Екатеринбург, Тюмен, Ханты-Мансийск, Ноябрск жана башка шаарларын кыдырып, 5-мартта Сочиге жетти. Учурда Сочи шаарында эстафеталык жүрүш менен өтүп, Олимпиадалык парктагы “Фишт” стадионуна жакындап баратат. Бүгүн кечинде салтанаттуу ачылышта жандырылат.

Паралимпиада оюндары 7-марттан 16-мартка чейин уланат. Ага 45 өлкөдөн 575 майып спортчу катышат.

Мелдештер спорттун 5 түрү боюнча өтүп, жеңүүчүлөргө 72 комплект байге ыйгарылат. (КМа)

XS
SM
MD
LG