Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:02

Бишкекте феминисттерге байланыштуу чатак иликтенүүдө


Бишкекте сабалганы айтылып жаткан феминисттик демилгелер боюнча "СКью" уюмунун активисттери медициналык экспертизадан өтүп жатат. Эгер алардын жаракат алганы аныкталса, 5-март күнү Бишкектеги Ош базарынын жанындагы чатак боюнча кылмыш иш козголот. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Шаршемби күнү түштөн кийин аталган уюмдун өкүлдөрү Ош базарынын жанында акция уюштуруп, 8-март майрамынын тарыхы, мааниси жана аялдардын укуктары тууралуу жарыялашкан. Акция учурунда топтолгондор менен активисттердин арасында чатак чыккан.

Акция уюштуруучуларынын айтымында, кол салгандар байыркы мифология боюнча "Венеранын күзгүсү" аталган белгини христиандардын крести деп атап, диний кастыкты козутуучу сөздөрдү жаадырышкан.

Милициянын маалыматында, чатактын чыгышына акция уюштуруучуларынын коомчулукка жакпаган айрым сөздөрү түрткү берген. (BkA)

XS
SM
MD
LG