Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:46

Абактагы айымдар 8-мартты белгиледи


Бишкектеги №2 түзөтүү абагында камакта отурган айымдар арасында “Кана эмесе, кыздар!” сынагы уюштурулду. Иш-чара 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата бүгүн түзөтүү абагынын имаратында өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Анын айтымында, мекемеде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан ондон ашуун аял ыр, бий, музыкалык аспапта ойноо, кийим тигүү, чач жасалгалоо жана актёрдук чеберчилик боюнча жарышты.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда 300дөн ашуун аял түрмөдө отурат. (SE)

XS
SM
MD
LG