Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

АКШнын Мамкатчысы Иордания падышасы менен сүйлөштү


Жон Керри падыша Абдалла менен Акаба шаарындагы жолугушуусунда Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын, атап айтканда Израил менен Палестина сүйлөшүүсүн күчтөндүрүүнүн жолдорун талкуулады.

Бул визит мурда мерчемделген эмес. Кошмо Штаттар келерки айдын соңуна барып Израиль менен Палестина тынчтык келишиминин алкагында кандайдыр бир макулдашууга жетишеби деп үмүттөнүүдө.

Израилдин премьер- министри Биньяминь Нетаньяхунун ушул аптада Вашингтондон айткандарына караганда, Тель-Авив макулдашууга жетүүнү көздөйт, бирок оболу Палестина Израилди жөөт өлкөсү катары таанып, палестин качкындарынын кайтып келүүсүнө үмүт жаратуусу абзел.

Ал эми Палестин президенти Махмуд Аббастын пикиринде, Израилдин Иорданын Батыш жээги менен Чыгыш Иерусалимдин оккупацияланган аймактарында конуштарды куруусу - Палестин мамлекетин түзүүдөгү эң башкы тоскоолдук. (UE)

XS
SM
MD
LG