Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Крымда дагы эки украин телеканалынын берүүлөрү токтотулду


"Азатыкттын" орус кызматынын маалыматына ылайык, Крымда аналогдук берүүдө чыгып жаткан Украинанын Биринчи улуттук телеканалынын ордунда Орусиянын ТНТ каналы, СТБ украиналык каналынын жыштыгында болсо Орусиянын "Звезда" телеканалынын берүүлөрү көрсөтүлүүдө.

Натыйжада Крымда жалпы жонунан Украинанын беш телеканалынын берүүлөрү токтотулду. Буга чейин Украинанын "Интер" ТВнын ордуна "НТВ", 1+1 телеканалынын ордуна Орусиянын "Биринчи каналы", Киевдин 5-каналынын ордуна "Россия 24", жана жергиликтүү Черноморск телерадиокомпаниясынын берүүлөрү токтотулуп ордуна "Россия-РТР" каналы чыгып жатат.

XS
SM
MD
LG