Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Аба ырайы: жамгыр карга айланат


9-10-мартта аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

Өрөөндөрдө жамгыр карга айланып, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо арбын жаашы күтүлүүдө. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашып, жолдор тоңголок , тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

10-мартта абанын температурасы төмөндөп, дыйканчылык аймактарда да үшүк жүрөт.

Мындай аба ырайы түштүк аймактарда дыйканчылык, талаа жумуштарында тоскоолдук жаратып, жайыттарда мал кармоону кыйындатат. (SA)

XS
SM
MD
LG