Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Москва Вашингтондун санкциясына жообун айтты


Украинадагы кризиске байланыштуу Орусияга каршы киргизген санкциянын кесепети АКШнын өзүнө да тиет. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров америкалык кесиптеши Жон Керри телефон аркылуу баарлашууда айтты. Лавров “берегидей шашылыш жана опурталдуу кадамдар” Москва-Вашингтон алакасына зыян тийгизиши мүмкүн экенин эскертти. Анын алдында "Газпром" концерни "эгер Киев газ үчүн карызын жакында төлөбөсө, Украинага көгүлтүр от берүү токтотулат" деп коркуткан.

7-мартта шам ченде куралдуу адамдардын тобу Украинанын Севастополдогу ракетадан коргонуу двизионуну турган жайга жүк ташуучу машине менен киргенге аракет жасады. Украинанын Коргоо министрлигинин ырасташынча, азыр Крымда 30 миң орус аскери бар.

XS
SM
MD
LG