Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Макфол: Орусиянын кадамы коңшуларын коркутууда


АКШнын Орусиядагы мурдагы элчиси Майкл Макфол 7-мартта Стенфорд университетиндеги кездешүүдө Орусиянын Украинанын Крымдан башка бөлүктөрүнө басып кирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу мындай оюн айтты:

- Путин Чыгыш Украинага басып кирүүнү мерчемдеп жатабы? Билбейм. Ал эгер Чыгыш Украинага аскерий интервенция жасоону пландап жатса, мени таң калтырмак. Бирок мен жакынкы жумаларда же айларда Орусия аскерлеринин Чыгыш Украинага басып кирүүсүн мүмкүн кылчу окуяларды тизмектей аламбы? Албетте.

Макфол ошондой эле Москванын Крымга аскер киргизүүсү Орусиянын коңшуларын коркутуп жатат деди. “Муну Орусияга чек аралаш бир да өлкө жактырбады, баары коркууда. Алар коомчулукка эмне деп айтпасын, сиздер билсеңиздер, менин Казакстандагы досторум Крымды басып алууну Орусияга коңшу мамлекеттер үчүн жаман кабар деп билишет”.

XS
SM
MD
LG