Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Украина Крымдан баш тартпайт


Украинанын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Андрей Дещица Киев эч качан Крымдан баш тартпасын жана Украина кризисти дипломаттык жол менен жөндөө үчүн бар аракетти жасарын билдирди. Ал Киевде 8-мартта болгон маалымат жыйынында Крым парламентинин 16-мартта автономиянын келечеги боюнча референдум өткөрүүсүн мыйзамсыз деп атады:

- Биз бул референдумду жана аны өткөрүү чечимин мыйзамсыз деп билебиз. Буга нааразылык айтуудан жана эл аралык коомчулукту референдумдун жыйынтыгын тааныбагыла деп айткандан башка жол жок. Шайлоо же референдум азыр өткөрүлсө, демократиянын негиздерине ылайык, эркин жана калыс болбойт. Ошондуктан аны Украина түгүл, эл аралык коомчулук да тааныбайт.

Дещица Орусияны Крымдагы кырдаалга байкоо салуу үчүн Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму баштаган бир катар уюмдарды кое берүүгө чакырды. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 8-мартта Москвада журналисттер менен кездешүүдө "Крымдагы окуяларга Орусиянын түздөн түз тиешеси жок, Украина өкмөтү “тилекке каршы, ашынган улутчулдарга көз каранды”,- деди. Ошондой эле, "Украинага орусиялык журналисттерди киргизбей жатат, бул маалымат эркиндигине каршы чабуул" деп, ал үчүн Киевди айыптады.

XS
SM
MD
LG