Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Баррозу: XXI кылымда бөтөн жерди басып алуу мүмкүн эмес


Европа комиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу XXI кылымда бөтөн өлкөнү күчкө салып кошуп алуу такыр ынагыс нерсе экенин баса белгиледи. Бул жөнүндө Баррозу Европанын келечегине арналып, 8-мартта Афиныда өткөн жыйында айтты:

- Менин оюмча, буга 21-кылымда ынанып болбойт. Бизде күчтөрдүн мамлекеттер аралык балансы бар жана башка өлкөнүн бөлүгүн аннексиялап алуу такыр ынангыс иш. Бизге тынчтык керек: региондогу тынчтык, континенттеги тынчтык жана глобалдык тынчтык.

Баррозу Украинада европалык баалуулуктар үчүн күрөшүп жатып, жүздөн ашык адам набыт болгонун жана Европа коомчулугу маркумдардын тилегин жакындатуу үчүн Украина менен тилектеш болууга милдеттүү экенин да баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG