Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:04

Санкт-Петербургда Путиндин саясатына каршы митинг болду

Санкт- Петербургда Орусиянын Украинанын ички ишине кийлигишүүсүнө каршы нааразылык акциясы өттү. “Азаттык” радиосунун орус кызматынын билдиришинче, шаардын ортосундагы Марс майданындагы митингге миңдей адам катышты. Бийлик Прогресс партиясы, РПР-ПАРНАС жана башка партиялар менен кыймылдарга уруксат бербегендиктен, алар аянтта митингге уруксат алган солчулдар менен чогуу болушту.

Митинг “Аннексиясыз тынчтык”, “Согуш – жок” деген ураан астында өттү.
Ораторлор Украинага аскерий басып кирүүгө катар Евромайдандагы оңчул радикалдардын нацисттик лозунгдарына да каршы экенин айтышты.
XS
SM
MD
LG