Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:11

239 адамы бар малайзиялык авиалайнер изделүүдө


Малайзия авиакомпаниясынын учагын издөө улантылууда. Ичинде 239 адамы бар “Боинг 777-200” авиалайнер Түштүк Кытай деңизинин үстүндө баратып, каттамдарды көзөмөлдөөчү кызматтын мониторуна көрүнбөй калган.

Вьетнамдын аба күчтөрүнүн учактары “Боинг” жоголгон тушта деңизден күйүүчү майдын эки чоң изин көргөнүн кабарлашты. Муну эксперттер учак авария болгонунун биринчи белгиси катары баалашууда. Куала-Лумпурдан Бээжинге бараткан учак абага көтөрүлгөндөн эки сааттан өткөндөн кийин жоголгон. Вьетнамдын маалымат булактары 8-мартта эртең менен авиалайнер Вьетнамдын жээгине кулаганын маалымдашты. Кытай учакты издөөгө көмөктөшүү үчүн эки кемесин жөнөттү. Малайзиянын өкмөт башчысы Нажиб Разак АКШда авиалайнерди издегенге кемелерин жөнөтүүгө макулдук бергенин билдирди.

Малазиянын аба жолдор компаниясынын кабарлашынча, 1981-жылдан бери пайдалануудагы “Боингдин” капитаны өтө тажрыйбалуу учкуч экен.
Маалыматка караганда, жүргүнчүлөрүнүн көбү Кытайдын жарандары жана учакта бардыгы 14 өлкөнүн букаралары бараткан.

XS
SM
MD
LG