Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Баткен облустук драма театрына Апаз Жайнаковдун ысмы ыйгарылды


Баткен облустук драма театрына Кыргыз эл артисти, белгилүү обончу жана аткаруучу Апаз Жайнаковдун ысмы ыйгарылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн театрдын жетекчисинин орун басары Мамажан Козубаев билдирди.

Баткен жергесинен чыккан чыгаан талант Апаз Жайнаков көзү тирүү болгондо 6-март күнү 54 жашка чыкмак. Ал узакка созулган ооруудан былтыр 9-октябрда дүйнө салган. Апаз Жайнаков Кыргызстандын бейрасмий гимни катары ырдалып жүргөн атактуу «Кыргыз жери» ырынын автору. Обончу мындан тышкары дагы бир канча лирикалык обондору менен элге белгилүү болгон. (JsA)

XS
SM
MD
LG