Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Иракта 8-марттагы чабуулдарда 11 адам өлдү


Полициянын билдиришинче, Багдадда дүкөндөргө жыш көчөдө автомобилге коюлган бомба жарылып, 6 киши курман болуп, 14 киши жарадар болду. Багдаддан 60 чакырым түндүк-чыгыштагы Бакуба шаарында автомобиль жолго коюлган бомбага кабылып, капитан жана төрт солдат катардан чыкты. Анбар провинциясынын байтакты Рамадиде полициячылар жашаган турак үйдүн жанында автомобилге катылган бомба төрт полициячынын өмүрүн жалмады.

Ошол эле Рамадиде жанкечти полициянын Хаммер машинесин ала качып, аскерий бекеттен өтө берип, өзүн жардырып жиберди. Жанкечтинин чабуулунан 14 адам жараат алганын Ирак полициясы маалымдады.

XS
SM
MD
LG