Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Яценюк Крым маселесин Вашингтондо талкуулайт


Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк келаткан жумада Вашингтондо барып, Орусия менен Крымдагы тирешүүнү талкуулайт. Яценюк бул жөнүндө Орусия Крымдагы аскерий кысымын күчөтүп жатканда билдирүү жасады. Украинанын мамлекеттик чек ара кызматы 9-мартта эртелеп орусиялык аскерлер Крымдын батышындагы чек ара бекетин ээлеп алганын, азыр ал жерде орустун 11 аскери турганын билдирди.

Крымдын орусиячыл жетекчилиги 16-мартта Украинадан бөлүнүү жана Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөрүү тууралуу чечим кабыл алган.

Яценюк Украина бир ныпым да жерин Орусияга бербесин билдирди. АКШ мамкатчысы Жон Керри 8-мартта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө Крымды күч менен кошуп алуу “дипломатия үчүн бар мейкиндикти биротоло жаба турганын" айткан.

XS
SM
MD
LG