Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Хилла шаарында 42 ирактык жайран болду


9-мартта Ирактын батышындагы Хилла шаарында автомобилчен жанкечти жардырган бомбадан ошондой эле 150дөн ашуун адам жарадар болду. Ирак полициясынын билдиришинче, жанкечти бомбаны текшерүү пунктунда калың эл көп чогулуп турган учурда жардырды. Ройтерс агенттиги полиция офицерине шилтеп, бомба чабуулунан соң ичинде жүргүнчүлөрү бар 50дөй автомобиль өрттөнүп кетип, текшерүү бекети толук бойдон кыйраганын кабарлады.

Хилла шаарында көбүн эсе шии мусулмандары жашайт. 8-мартта Иракта ушундай чабуулдарда 11 адам өлүп, 14 киши жарадар болгон. Акыркы айларда Иракта дээрлик күн сайын ар кандай чабуулдар болууда. Алардын көбү үчүн сунни согушчандары айыпталууда.

БУУнун эсебинче, 2013-жылы куралдуу зобун-зордуктан 8863 адам жайран болду. Бул соңку беш жылдагы эң чоң көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG