Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Обама менен Яценюк Ак үйдө жолугат


АКШ президенти Барак Обама менен Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк шаршембиде Ак үйдө жолугат. Бул жолугушуу Орусия менен Украина ортосунда абал чыңалып турган учурда Вашингтондун Киевди колдоо белгиси катары айтылууда.

Ак үйдөн билдиришкендей, Обама менен Яценюк Орусиянын Крымга карата аскерий кийлигишүүсүн тынчтык менен чечүү жолдорун талкуулашат. Андан сырткары Украинага эл аралык каржылык колдоо көрсөтүү жөнүндө да сөз болот.

Жекшемби күнү Крымдын Севастополь шаарында украин акыны Тарас Шевченконун 200 жылдыгы белгиленип жаткан аянтта орусиячыл жана украиначыл активисттер ортосунда кагылышуу болгон.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Арсений Яценюк Киевде Тарас Шевченконун туулган күнүн майрамдаганы чогулган миңдеген демонстранттар алдында сүйлөп, Украина бир да карыш жерин Орусияга бербесин айтты.

Крымдын орусиячыл жетекчилиги 16-мартта Украинадан бөлүнүү жана Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөрүү чечимин кабыл алган.

XS
SM
MD
LG