Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Москвада мигранттарга арналган фотокөргөзмө ачылды


Москвада Борбор Азиядан барган мигранттардын жана алардын жакындарынын жашоосун чагылдырган сүрөттөрдүн көргөзмөсү ачылды. 6-мартта башталган көргөзмө “Алар” деп аталат. Бул тууралуу адам укуктары боюнча “Эдвокаси” борборунан билдиришти.

Сүрөттөр жергиликтүү фотографтар тарабынан тартылган. Айрым фотолорду мигранттар өздөрү сунуштаган. Элүүдөн ашуун сүрөттүн арасында кыргызстандык мигранттар тартылган эки сүрөт бар. Алардын биринде Кызыл аянтта эс алып жүргөн кыргызстандык айымдар чагылдырылса, биринде күйөөсү Орусияда иштеп жүргөн келиндин жашоосу тартылган.

Иш-чара Fotodoc уюму тарабынан уюштурулууда. (SE)

XS
SM
MD
LG