Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Кадамжайда чогулган эл менен аким сүйлөшүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” өзүн Жээнгүл Ганиева деп тааныштырган Майдан айыл аймагынын тургуну кабарлады. Анын айтуусунда, бүгүн аймактагы Шамбет-Сай алтын кенин иштетүүгө каршылыгын билдирген эки миңден ашуун адам Марказ айыл өкмөтүнүн алдына чогулушту. Чогулгандар австралиялык "Z-Эксплорер" компаниясы Майдан айылына өтө жакын жайгашкан кенди иштетүүсү экологиялык зыян алып келет деп эсептешет.
Жергиликтүү милиция топтолгондордун саны 200 чамалуу деп билдирүүдө.

Шамбет-Сай алтын кенин иштетүү Марказ, Майдан, Кара-Жыгач жана башка айылдардын экологиясына зыянын тийгизет, Исфайрам дарыясын булгайт деген жүйөө менен жергиликтүү эл кенди иштетүүгө өткөн жылдан бери каршы чыгып келүүдө. 9-мартта да колдоруна плакат кармаган адамдар кен иштетүүгө каршы пикетке чыгышкан.

Аймактагы Шамбет-Сай алтын кенин иштетүүгө уруксаты бар "Z-Эксплорер" компаниясы Австралияга таандык. 2013-жылдын 18-октябрында Майдан айылынын тургундары кен иштетүүгө каршы чыгып, компаниянын кеңсесин өрттөп жиберген.

Компания өкүлдөрү болсо аймакта кен изилдөө үчүн экологиялык мыйзамдардын бардык талаптарына толугу менен жооп берээрин 2013-жылдын июнь айында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тастыктаганын, 2011-жылдан бери Кадамжай районундагы социалдык жумуштарга 8 миллион сомго жакын инвестиция жумшаганын, тоо-кен тармагына 15 миллион АКШ долларын жумшашканын айтып келишет.(JsA;ZKo)

XS
SM
MD
LG