Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Жаштардын дүйнөлүк олимпиадасына бир жолдомо тийди


10-мартта Таиланд өлкөсүнүн Банг Саен шаарында оор атлетика боюнча уландар арасында Азия чемпионаты уланды. Мында Кыргызстандын сегиз балбан мелдешке катышууда. 69 кг. салмакта Рустамбек Таджидинов сегизинчи орунга илинди. 77 кг. салмактагы Курсант Төлөнов менен 85 кг. салмактагы Канболот Абышка уулу жетинчи орунга жетти.

Кыргызстан учурда 174 упай топтоо менен командалык эсепте үчүнчү орунду ээлеп, быйыл жайында 16-августтан 28-августка чейин Кытайдын Нанкин шаарында өтө турган жаштардын жайкы экинчи олимпиадасына 1 жолдомо алышты. Бул жолдомо кимге ыйгарылаарын Оор атлетика федерациясы жакын арада аныктаарын анын вице-президенти Улан Молдодосов “Азаттыкка” маалымдады. (КМа)

XS
SM
MD
LG