Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Брокколи: Лукашка телефон аркылуу кысым күчөгөн


Кыргызстандан чыгып кеткен жарандык активист Илья Лукаштын санаалашы Екатерина Брокколи “Азаттыкка” билдиргендей, соңку учурда ага телефон аркылуу коркутуулар күч алган:

- УКМКнын атынан бирөөлөр ал иштеген компанияга чалып, Лукашты жумуштан бошотуу талабыy да коюшкан. Ошондон кийин ал иштен кеткен, - дейт Брокколи.

Анын айтымында, БУУнун Бишкектеги кеңсеси тарабынан Лукашга саясий качкын макамын берүү сунушу да түшкөн. Бирок жарандык активист ага макул болгон эмес. Коркутуулар күчөгөн соң, Украинадагы досторунун чакыруусу менен аталган өлкөгө кеткен.

Жарандык активист Илья Лукаш 8-мартта өзүнүн Фэйсбуктагы баракчасында “Коркутуу жана кысым көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болдум” деп жазган.

Лукаш буга чейин Кыргызстанда өткөрүлгөн адам укугун коргоо, кыз алуу качууга каршы, Бажы Биримдигине кошулбоого үндөө, Украинага тилектештик сыяктуу акцияларга активдүү катышкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG