Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Малайзия бийлиги жоголгон учакты издөө аймагын кеңейтти


“Малайзия аба жолдорунун” 239 жүргүнчүсү менен жоголгон учагы табыла элек. Алгачкы эки күн бою издөө иштери аба лайнери көздөн кайым болгон аймактагы 100 километр аралыкта жүргүзүлдү. Натыйжа чыкпаган соң издөө аймагы эки эсе кеңейтилди.

Жоголгон учакка Италиядан жана Австриядан уурдалган паспорттор менен отурган эки киши тууралуу иликтөөлөр күчөтүлдү.

8-март күнү "Боинг–777-200" самолёту 239 жүргүнчү менен Куала-Лумпурдан Бээжинге сапар алган учурда дайынсыз жоголгон. Кытайга учуп бараткан самолёт болжол менен Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңизде көздөн кайым болгон.

Андагы жүргүнчүлөрдүн 150дөн ашууну - кытайлыктар. Жекшембиде Кытай Малайзияга кайрылып, учакты издөө иштерин күчөтүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG