Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Түркияда Токтогулдун 150 жылдыгы белгиленди


Түркияда акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси белгиленди. Стамбул, Анкара жана Эскишехир шаарларында акындын мааракесине арналган иш-чараны “Түрксой” уюму уюштурган.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришкендей, марттын алгачкы аптасында өткөрүлгөн маданий кечелердин алкагында Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын “Камбаркан” тобу жана Эл артисти Саламат Садыкова барып концерт коюшту.

Ойчул акын Токтогул Сатылганов 1864-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүндө туулган. Анжиян көтөрүлүшүнө катышканы үчүн Сибирге сүргүнгө да айдалган. 1933-жылы өз кичи мекенинде кайтыш болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG