Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

БУУнун Адам укуктары комитети Кыргызстандын отчетун укту


Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин 110-сессиясында Кыргызстандын юстиция министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева баштаган делегация өлкөдөгү адам укуктарынын абалы жөнүндө баяндама жасады.

Дүйшөмбүдө Женевада башталган жыйында комитет мүчөлөрү Кыргызстандан барган өкүлдөргө диний, этникалык жана сексуалдык азчылыктарга, ошондой эле абактардагы кыйноолорго байланыштуу суроолорду узатты.

Сессияга укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Дмитрий Кабак да катышууда. Алардын айтымында, Кыргызстандагы жана башка өлкөлөрдөгү адам укуктары боюнча талкуулар шейшемби күнү да уланат.

Кыргызстан дүйнөдө "Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү" конвенцияга кошулган 167 өлкөнүн бири катары мамлекеттеги адам укуктарынын абалы тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинде мезгил-мезгили менен отчет берип турууга милдеттүү.

XS
SM
MD
LG