Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

Кара-Көлдө мэрдин отчетун депутаттар жактырган жок


Кара-Көл шаарынын мэри Мамбет Койчиевдин 2013-жылга карата жүргүзгөн ишмердүүлүгү боюнча отчетун шаардык кеңештин депутаттары кабыл алган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык кеңештин төрагасы Мирланбек Жээнбеков билдирди.

Калаа башчысы өткөн жылы мэриянын казынасынан коротулган каражаттар тууралуу 5-мартта отчет берген.

Депутаттар мэрди “мамлекеттин акчасын сарамжал пайдаланган эмес жана иштетилген акчаны жасалма документтер аркылуу жапканга аракет кылды”, деп күнөөлөп жатышат.

Мэр Мамбет Койчиев сессияда анын отчетун 31 депутаттын 13ү жактырганын, үчөө каршы болгонун, калгандары пикирин ачык билдирбегенин айтууда. Ал эгер зарыл болсо кайрадан отчет тапшырууга даяр.

Мамбет Койчиев мэрлик кызматка “Өнүгүү” партиясы тарабынан сунушталып, шайланган. Шаардык кеңеште “Өнүгүүдөн” сырткары, “Ата-Мекен”, КСДП, “Ата журт” жана “Республика” фракциялары бар. (SE)

XS
SM
MD
LG