“Кыргызгаз” ишканасынын маалымат катчысы Рысбек Аруновдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, азчылык акционерлерден ишкананын акцияларын сатып алуу 1-марттан белгисиз мөөнөткө чейин узарды. Маалыматка ылайык, “Кыргыз газ” ишканасынын акциясы 67 сомдон сатылып алынууда. Акыркы апта ичинде Кыргыз фондулук биржасында 15 млн. сомдон ашуун суммага ишкананын акциялары соодаланган.
“Кыргызгаздын” 87,9% акциясы Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында, андан тышкары Социалдык фонддо 5,6% карапайым акционерлердин колунда 6,36% болчу. “Кыргызгаз” ишканасынын маалыматы боюнча, 4-мартка карата миноритардык акционерлердин колунда акциянын 1% калды.
“Кыргызгаз” ишканасы 2,4 млрд. сомдук карызы жана бардык инфраструктурасы менен Орусиянын “Газпром” ишканасына өткөн жылдын аягында 1 долларга сатылган.(ZKo)