Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Абактагы депутаттын жардамчысы кармалды


“Эйша Пасифик ресурс ЛТД” ишканасынын түзүүчүлөрүнүн бири Жаныш Султанов 9-мартта Ош аэропортунан Москвага учууга аракеттенип жаткан жеринен кармалган. Башкы прокуратура тараткан маалыматка ылайык, Жаныш Султанов мурдагы Жаратылыш ресурстары министрлигинин жетекчиси Замирбек Эсенаманов баштаган мурдагы бир катар кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу Кыргызстандан сыртка чыгуу укугунан ажыраган.

Кармалгандан кийин Жаныш Султанов Бишкекке апкелинип, УКМКнын тергөө абагына камалды.

Жаныш Султанов аталган министрлик тарабынан мыйзамсыз лицензия берилген деп айтылып жаткан “Эйша Пасифик ресурс ЛТД” ишканасынын түзүүчүлөрүнүн бири болгон, ал лицензияга ээ болору менен ишканадагы өзүнүн үлүшүн 2,5 млн. долларга сатып жиберген.

Айрым маалыматтар боюнча, Жаныш Султанов учурда камакта жаткан ЖК депутаты Акматбек Келдибековдун жардамчысы болуп жүргөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG