Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Жапония 2011-жылкы бүлгүндү эскерүүдө


Жапонияда үч жыл мурдакы цунами менен коштолгон катуу жер титирөөнүн курмандыктарын эскеришүүдө. Тынч мезгилдеги кыйраканда набыт болгон адамдарды эскерип, Токиодо өтчү зыяпатка император Акихито жана зайыбы Мичико катышат.

2011-жылы 11-марттагы бүлгүндө 18 миң адам курман болуп, деңиз боюндагы инфраструктура кыйраган. Фукусима атомдук электр станциясынын бир реактору эрип, жарылуу болгон. Эксперттердин айтымында, авариялык абалдагы реакторду биротоло токтотуу үчүн ондогон жылдар кетет.

XS
SM
MD
LG