Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Кыргызстан бийлиги БУУда суроолорго жооп берүүдө


Кыргызстан бийлигинин атынан Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова БУУнун адам укуктары боюнча комитет мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатат. Ал Кыргызстанда бала асыроого уруксат берүү, кыз ала качуу, жашы жетелектерди күйүүгө зордоп берүү боюнча козголгон кылмыш иштери тууралуу маалымат берүүдө.

Ушул тапта Женева шаарында БУУнун адам укуктары боюнча 110-сессиясы жүрүп жатат. Кечээки отурумда кыргызстандык укук коргоочу Азиза Абдирасулова адам укуктарынын абалы тууралуу баяндама жасаган. БУУнун аталган сессиясына КР акыйкатчысы Бакыт Аманбаев да катышууда.

Кыргызстандын расмий делегациясын юстиция министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева жетектейт. Делегация курамында Баш прокурордун орун басары Людмила Усманова, ИИМ өкүлү Шамшыбек Мамыров, Кыргызстандын БУУдагы өкүлү, Швейцариядагы элчиси Гүлнара Искакова бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG