Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

Янукович дале өзүн президент жана баш командачы деп эсептейт


Украинанын бийликтен оодарылган президенти Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында 11-мартта жасаган чакан билдирүүсүндө Янукович ошондой эле куралдуу күчтөр ар кандай “кылмыштуу буйруктарды” аткарбышы керек деп эсептерин жана “шарты келсе” Киевге баруу ниети бар экенин айтты. Ал 25-майга белгиленген президенттик шайлоо мыйзамсыз экенин билдирип, Украинанын азыркы өкмөтүн “конституциясыз хунта” деп мүнөздөдү. Януковичтин айтымында, бийликтеги “экстремисттердин” жаңылыш аракеттеринен улам Крым Украинадан ажырамак болуп жатат. Виктор Янукович Киевди үч ай солкулдаткан нааразылык акцияларынан кийин Украинаны таштап кеткенден соң 28-февралда ушу Ростов-на-Донуда алгачкы билдирүүсүн жасаган.

XS
SM
MD
LG