Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

Янукович Украинанын жаңы өкмөтүнө мүнөздөмө берди


Виктор Янукович дале өзүн президент жана баш командачы деп эсептейт. Украинанын бийликтен оодарылган президенти Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында 11-мартта жасаган чакан билдирүүсүндө, ошондой эле, куралдуу күчтөр ар кандай “кылмыштуу буйруктарды” аткарбышы керек деп эсептерин жана “шарты келсе” Киевге баруу ниети бар экенин айтты. Ал 25-майга белгиленген президенттик шайлоо мыйзамсыз экенин айтып, Украинанын азыркы өкмөтүн “конституциясыз хунта” деп мүнөздөдү:" Украинада укуктуу деп аталган өкмөттүн көшөгөсүнүн артынан ашынган улутчулдар менен неонацисттердин бандасы аракеттенүүдө. Алар президенттик орунду ээлегенге чамынып, жергиликтүү бийликтерди күч менен басып алууда. Алар полициянын жана коопсуздук кызматтарынын Киевдеги жана жер-жерлердеги башчыларын кызматтан айдоодо”.

Януковичтин айтымында, бийликтеги “экстремисттердин” жаңылыш аракеттеринен улам Крым Украинадан ажыроо алдында турат. Виктор Янукович Киевди үч ай солкулдаткан нааразылык акцияларынан кийин Украинаны таштап кетип, 28-февралда Ростов-на-Донуда алгачкы билдирүүсүн жасаган.

XS
SM
MD
LG