Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

“Муз адамдан” табылган май дүйнөдөгү эң байыркы сыр аталды


“Муз адам” деген ат менен белгилүү жана 5 миң жыл мурда мумияланган адамдын карынынан табылган затты изилдеген италиялык окумуштуулар ушундай тыянак жасашты. Май, окумуштуулардын айтымында, “Муз адам” жеген жана анын ашказанында сакталып калган эчки эти, жашылча жана ундун байыркы түрүнүн бир бөлүгү. Буга чейин эң эски деп Кытайдын Такла-Макан чөлүнөн табылган мумияланган адамдын курсагындагы айран сыры эсептелчү. Ал биздин заманга чейинки 1615-жылы мумияланган. Соңку табылга Кытай мумиясынан 1500 жыл эски болууда. Биздин заманга чейинки 3350-3100-жылдар аралыгында жашаган адамдын мумияланган денеси 1991-жылы Италиянын түндүгүндө эрип бараткан мөңгүдөн табылган. Илимпоздордун айтымында, “Муз адам” мүрүсүнө тийген жебеден алган жарааттан өлгөн.

XS
SM
MD
LG