Москва Украинадагы кризисти басуу боюнча Батыштын сунушуна оң жооп бербесе, Евробиримдик ушу аптадан кечиктирбей Орусияга санкция жарыялашы мүмкүн. Бул жөнүндө Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус Француз радиосуна айтты. Анын айтымында, эгер Орусия оң жооп берсе, АКШ Мамкатчысы Жон Керри Москвага барып, санкция токтоосуз киргизилбейт. Эгер Москва жок десе, айрым орусиялыктардын Биримдикке каттоосуна, мүлк жана банк эсептерин пайдалануусуна чектөө киргизген санкция ушу жумада жарыяланууга тийиш. Фабиус 16-мартта Крымда мерчемделген референдумга токтолуп:
- Добуш берүү жана Орусиянын Крымды аннексиялоосу мыйзамсыз болот. Биз кандайдыр бир мыйзамсыздыкка ынана албайбыз, ал Украинадагы абалды бейстабилдештиргендиктен, кесепети өтө олуттуу болот. Украина Евробиримдик менен Орусиянын ортосунда болгондуктан, Украинанын стабилдүү болуусу Орусиянын жана Евробиримдиктин кызыкчылыгына жооп берет. Бирок Орусиянын аракети элдин баарын астын-үстү кылууда,- деди.
Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Эстонияга барып, өлкө Украинадагыдай кризистен НАТОнун мүчөсү катары корголот деп кепилдик берди.