Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Малайзиялык авиалайнерде жалгама паспорттуу эки ирандык болгон


8-мартта жоголгон малайзиялык авиалайнерге ирандык эки жаран уурдалган паспорттор менен өткөн. Интерпол агенттиги алардын бири 19 жаштагы Пури Нурмухаммади, экинчиси 29 жаштагы Делавар Саедмухаммадзаде экенин билдирип, экөө учакка түшүп жаткан тасманы жарыялады. Интерполдун башкы катчысы Рональд Нобль далилдер учактын жоголушу “террордук менен байланышпаганын” көрсөткөнүн билдирди. Рейтер агенттиги Малайзия армиясынын аты аталбан офицерине шилтеп, аскерий чөйрөлөр “Боинг” артка бурулуп, анан бийиктигин кескин төмөндөтүп, 500 чакырымдай учуп барып, акыркы жолу байланышка чыккан деген ишенимде экенин маалымдады.

239 адамы бар “Боинг” авиалайнерин Түштүк Кытай деңизинде 10 өлкөнүн 100гө жакын кемелери жана учактары издөөдө. “Боинг” авиалайнери Куала-Лумпурдан Бээжинге учуп чыккандан эки саат өткөндөн кийин жоголгон.

XS
SM
MD
LG