Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Кыргызстан Януковичтин билдирүүсүн айыптады


Кыргызстан бийликтен кулатылган президент Януковичтин 11-марттагы билдирүүсүн орунсуз жана натуура деп эсептейт. Ошондой эле Кыргызстан Украинадагы кырдаалдын татаалданышына байланыштуу эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусун тең бөлүшүп, жагдайды бейстабилдештирүүгө багытталган ар кандай кадамдарды жектейт. Тышкы иштер министрлиги шейшембиде жарыялаган билдирүүдө “өз элинин ишенимин жоготкон, иш жүзүндө президенттик укуктарынан ажырап калган, атүгүл өз өлкөсүн таштап кеткен президент мыйзамдуу боло албайт. Украинанын мурдагы бийликтеринин ойлонулбаган аракеттери жана коррупцияланып кеткени өлкөнү бүгүнкү кризиске жеткирди” жана ал “ондогон күнөөсүз адамдардын өлүмүнө” себеп болду деп айтылат.

Кыргызстан абалды эл аралык укуктук нормаларга жана БУУнун Уставына ылайык тынч, сүйлөшүү жолу менен жөндөөнү колдойт. 11-мартта Виктор Янукович Ростов-на-Дону шаарында тараткан чакан билдирүүсүндө дале өзүн Украинанын жалгыз легитимдүү президенти жана башкы командачысы деп эсептээрин айтты. Ал Киевдеги үч айга созулган протесттерден улам февралдын аягында Орусияга өтө качкан.

XS
SM
MD
LG