Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:38

Беларуста украиначыл активисттер камалды


Минск шаарында полиция украиначыл эки активистти камакка алды. Алар шейшемби күнү украиналыктарга тилектеш экенин билдирип, Орусия элчилигинин жанына акцияга чыгышкан болчу.

Жарандык активисттер Дмитрий Карашков менен Станислав Булай Орусиянын Крымга аскерий аралашуусун каралап, колдоруна “Путин, Украинадан колуңду тарт!” деген жазууларды көтөрүп алышкан эле.

XS
SM
MD
LG