Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Саруу айылынын тургундары бүгүн курултай өткөрөт


Ысык-Көлдүн Саруу айылынын тургундары “Кумтөрдү” улутташтырууга байланыштуу курултайды бүгүн айыл өкмөттүн имаратынын жанында өткөрүшөт. Алар 17-мартта Бишкекте айрым оппозициялык кыймылдар тарабынан уюштурулуп жаткан курултайга да делегат тандашмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыл активисти Замир Меңдибаев билдирди.

Айыл элинин жыйыны алгач 10-мартка белгиленген болчу. Уюштуруу иштерине байланыштуу ал күнү өтпөй калган.

Саруулуктар “Кумтөр” алтын кенин улутташтыруу талабы менен өткөн жылдын май айынан бери түрдүү нааразылык акцияларын өткөрүп келе жатышат. (MK)

XS
SM
MD
LG