Шейшембиде айрым адвокаттардын келбей калганына байланыштуу сот жараяны 12-мартка жылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев билдирди.
Апрель окуясынын соту тараптардын жарыш сөзү менен башталмакчы.
2010-жылы 7-апрелде Ак үйдүн алдында 90го жакын адамдын атылышы боюнча 28 кишиге айып тагылган. Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиев менен анын иниси Жаныш Бакиев баштаган бир нече адамга эл аралык издөө жарыяланган.
Апрель окуясы боюнча сот иши 2010-жылдын 17-ноябрында башталган. (SE)