Башкы прокуратуранын алдында камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлеринин митинги башталды. Алар Келдибековдун үй камагына чыгарылышын талап кылууда. Колдоруна “Кыргыз эл акыйкат чечимди күтөт!”, “Келдибековго боштондук!”, “Башкы прокуратура саясый буйрукту аткарууда” деген плакаттарды көтөрүп алышкан. Тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлдөөдө. (BkA)