Бишкектин Октябрь райондук соту Келдибековдун тарапкерлеринин митингин Башкы прокуратуранын алдында өткөргөн болбойт деген чечим чыгарды. Себебин соттун өкүлдөрү жакын жерде мектеп жайгашканы менен түшүндүрдү. Сотко арыз менен Октябрь райондук администрациясы кайрылган. Ал эми митингге чыккан Келдибековдун тарапкерлери соттун чечимине макул эместигин билдирип, бул алардын конституциялык укугу экенин айтууда.
“Келдибековду коргоо комитетинин” башчысы Керим Сарбашевдин билдиришинче, алар Башкы прокурор Аида Салянова "өзү чыгып, эмне себептен абактагы депутат үй камагына чыгарылбай жатканын түшүндүрүп бермейинче элдер тарабайт".
Митингчилердин айтымында, чогулгандардын саны 1000ге чукул адам. Ал эми милициянын баамында 250, көз каранды эмес байкоочулардын эсебинде Келдибековдун таламын талашып 300дөй киши чогулуп турат.
Келдибеков Социалдык фондду жана кийинчерээк Жогорку Кеңешти башкарып турганда 30 миллион сомдон ашуун акчаны жок кылып койгон деп айыпталууда. Өзү бул айып эч негизсиз экенин айтып келет. (BkA)